Депутаттар мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселесин парламентте кароону сунушташууда
Депутаттар мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселесин парламентте кароону сунушташууда. Муну бүгүн, 22-майда ЖКнын жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирип, нарындык мугалимдердин арыз-муңун билдирди. “Мугалимдер айлыктары көтөрүлбөгөнүн айтышууда. 2010-жылдагыдай эле маяна алып жатыптыр. Бул маселени парламентте карап, принципиалдуу чечимдерди кабыл албасак болбойт”,- деди депутат.
Абдылдаев Нарында токойчулардын айлыгы 1,5-2 миң сом экенин кошумчалады.
Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту талкууланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















