super.kg logo

Үрүмчү шаарындагы жардыруудан 31 адам каза тапты

 

Бүгүн, 22-майда Кытайдын Үрүмчү Синьцзян-Уйгур автономдуу округунда катталган жардыруудан каза тапкандардын саны акыркы маалыматтар боюнча 31ге жетти. Ал эми жаракат алгандар - 90. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00 чамасында базарга эки машина келип, жарылуучу заттарды ыргытып, мындан улам өрт чыккан. Учурда Кытай бийлиги бул окуяны теракт деп атап, күнөөлүүлөрдү таап, жазага тартууну буйрушту. 

Кошумчалай кетсек, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда уйгурлар менен кытайлардын ортосунда пикир келишпестиктер байма-бай чыгып келет. Расмий маалыматтарга караганда, мусулмандар аймакта диний согуш баштоону көздөп келишет. 30-апрелде Үрүмчүдөгү темир жолдо теракт болуп, 3 жаран курман болгону жана 79 адамдын жараат алганы айтылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.05.2014. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман иш болуптур!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: