Эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы Азия чемпиондугуна даярдык көрүүдө
Эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы Азия чемпиондугуна болгон даярдыгынын алкагында Ысык-Көлдө машыгуу сборун өткөрүүдө. 17-майда башталган машыгуу сбору 31-майга чейин жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, даярдыкка Анарбек Усенканов жана Шарбек Бекболиевдин жетекчилиги астында 18 спортчу катышууда. Алардын машыгуусун Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги каржылоодо.
Кошумчалай кетсек, жаштар арасында эркин күрөш боюнча Азия биринчилиги 4-5-июнда Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.