super.kg logo
  Саясат  

Индияда күйөөсүнүн зордук-зомбулугуна кабылган кыргызстандык аял эки баласы менен мекенине кайтып келди

 

Индияда күйөөсүнүн зордук-зомбулугуна кабылган кыргызстандык аял эки баласы менен мекенине кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди. Жабырлануучу А.Макиева 2012-жылдын май айында Акыйкатчы институтуна кайрылып, жардам сураган. Натыйжада КРнын Акыйкатчысынын жана ТИМдин көмөгү менен аталган аялдын мекенине кайтып келишине шарт түзүлдү. Маалыматтар боюнча аталган аял индиялык Югал Кишор менен Кыргызстанда баш кошуп, андан эки баласы бар. Кишор 2007-жылы Кыргызстанда адам өмүрүн кыйган автокырсыкка себепкер болуп, 3 жыл түрмөдө отурган. 2010-жылы амнистияга туш келип абактан бошотулуп, кыргыз үй-бүлөсү менен чогуу Индияга кетишкен. Ал жакка барган соң А.Макиева күйөөсүнүн жана анын үй-бүлөсүнүн зомбулугуна кабылган. Күйөөсүнүн ал жакта расмий баш кошкон аялы жана 1 уулу бар болуп чыккан.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: