Беларусь президенти: “Курманбек Бакиевди баары таштап, балдары менен токойдо калганда мен кабыл алгам”
“Курманбек Бакиевди баары таштап кетишкенде анын өтүнүчүн мен кабыл алдым”,- деп билдирди 21-майда Беларустун президенти Александр Лукашенко орусиялык телеканалдардын бирине берген маегинде.
"Бакиевди баары, аны менен мергенчилик кылып, 100 граммдан ичип жүрүп, бир аяктан тамак жегендер таштап кеткенде, Казакстандын түштүгүндө колундагы кичинекей балдары, аялы менен качып жүргөндө мен ага телефон чалдым. Жок, ал мага кечинде чалды, бирок мен байланыша албай, ага эртең менен өзүм чалдым. Ошол учурда ага берген суроом азыркыга чейин эсимде. “Курманбек, сен жакта эмне болуп жатат?” десем, ал ыйлады. Анан “Саша, сен мага дос болгон эмессиң. Мен муну билем. Биз башкалар менен достошуп келгенбиз. Азыр мен токойдо балдарым менен турам. Мен жашынып жүрөм, эмне кылышты билбей жатам. Жок дегенде балдарымды алып кетчи, балдарымды болсо да куткарчы” деди. Мен “Курманбек, балдарды эле эмес, кайсы жерде экениңди айтсаң, балдарың менен кошо алып кетем. Мен эч кимдин алдында милдеттүү эмесмин. Сен президент болгонсуң, мен сени азыр да президент деп эсептейм. Эгер Беларуска келүүгө даяр болсоң, сени алып келем” дедим. Аны менен телефондо сүйлөшүп келе жатканда жанымда балам бар болчу. Ошол учурда аны менен бирге тамак ичип отургандарды ойлоп таң калдым. Мен аны ал жерден алып кеттим. Ошол учурда күн бүркөк болчу. Учак жиберип, үй-бүлөсү менен алдырттым",- дейт Лукашенко.
Беларусь президенти: “Курманбек Бакиевди баары таштап, балдары менен токойдо калганда мен кабыл алгам”


