Жогорку Кеңеш: Ата-энесин багуудан качкандарга жазаны күчөтө турган мыйзам кабыл алынды
Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Башкача айтканда, Кылмыш-жаза кодексине, Үй-бүлө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди.
Мыйзам жашы жете элек балдарды багуудан качкандыгы үчүн ата-эненин жоопкерчилигин, ишке жарамсыз ата-энесин багып-кароодон качкан балдардын жоопкерчилигин административдик айып пулду 3 эсе көтөрүү жолу менен күчөтөт.
Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















