super.kg logo

22 жаштагы Шахида Аманбаева 3,5 жылдан бери абакта соттун өкүмүн күтүп келет

 
Рысбек Адамалиев, “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун кызматкери
Күмүшбек Ыбыкеев, Шахида Аманбаеванын жактоочусу
Нургүл Аманбаева, Шахида Аманбаеванын апасы
Шахида Аманбаева 2010-жылдын 12-декабрында окуя болгон жерде көрсөтмө берип жаткан учуру.
2010-жылдын 6-апрелине караган түнү болгон адам өлтүрүү фактысы ушул жерде катталган.
Шахиданын 2010-жылдын 29-сентябрында "паспорт алам" деп түшкөн сүрөтү
Шахида Аманбаева 3,5 жылдан бери абакта соттун өкүмүн күтүп жатып баса албай, сүйлөй албай калган.
Шахиданын күндөлүгүнөн
Шахида Аманбаева 2010-жылдын 12-декабрында тергөөчүнүн бөлмөсүндө көрсөтмө берип жаткан учуру.
Шахида Аманбаева 3,5 жылдан бери абакта соттун өкүмүн күтүп жатып баса албай, сүйлөй албай калган.

Шахида Аманбаева 22 жашта. Ал 2010-жылдын 10-декабрында "адам өлтүрүү фактысына катыштыгы бар" делип камакка алынган. Ошондон бери соттун өкүмүн күтүп келет. Учурда ал жакшы сүйлөй албай, баса албай калган. Төмөндө маселенин чоо-жайын иликтөөгө аракет кылып көрдүк.

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев, 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева кармалган.

Рысбек Адамалиев, “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун кызматкери:

- 2011-жылы Шахиданын апасы “укуктук жактан жардам бериңиздер” деп бизге кайрылган. Анда ал кызынын милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолорго, зомбулукка учураганын айткан. Биз Шахиданы 2013-жылдын июнь айында №1-СИЗОдо мониторинг жүргүзүп жатканда жолуктурдук. Ошондо ал өзү тууралуу айтып берип, өзүн жакшы эле сезип жаткан. Бирок 2014-жылдын 14-май күнү №1-СИЗОго барганыбызда аны баспай, жакшы сүйлөй албай калган абалда көрдүк.

Күмүшбек Ыбыкеев, Шахида Аманбаеванын жактоочусу:

- Иш начар, чала, сапатсыз тергелген. Мындан улам соттор бир чечим кабыл ала албай жатышат. Өлүктү кароо учурунда каталар абдан көп кеткен. Алсак, өлүктүн жанына Шахиданын плащынын лентасын коюп коюшкан. Муну “каза болгон Рабига аттуу кыз менен кармашканда жулунуп калган” деп жатышат. Бул тергөөнүн версиясы. Бирок ал күнү Аманбаева плащ кийип жүргөн эмес. Каза болгон кыздын апасынын айтымында, кыздын кийиминин чөнтөгүнөн ачкыч, 9 сом жана бет аарчы табылган. Тергөөчүнүн тарткан сүрөтүндө аталган буюмдар, плащтын лентасы колунун жанында турат. Бул жерде соттор анча-мынча коркоктук кылып жатышат. Төрт судьянын арасынан мага айткандары да болду, “күнөөсү жок, бирок кечирип кой” деп. 3 жылдан кийин Токмок шаардык соту актап, "күнөөсү жок" деп чечим чыгарып берди. Бирок буга жабырлануучунун атасы “каршымын, макул эмесмин” деп апелляциялык даттануу жазды. Кечээ, 20-майда ошол арызды Чүй облустук соту карады. Мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен сот отуруму 27-майга жылды. Бул сот жакшы чечим чыгарат деп үмүттөнүп жатабыз.

Нургүл Аманбаева, Шахида Аманбаеванын апасы:

- 2010-жылдын 10-декабрь күнү үйдө болчубуз. Анан 15ке жакын милиция кызматкери келип, “Рабиганын телефонун таптык, ошонун распечаткасын карап берсең” деп Шахидага айтышты. Анан биз Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына келдик. Ал жактан кызымды бир бөлмөгө алып кирип кетишти. Мен коридордо күтүп турдум. Тергөөчүдөн кызымды бүгүн камабай эле коюшун сурандым, бирок алар болбой коюшту. Анан мен кетип калдым. Кызымдын айтымында, аны 5 саатка жакын кыйнашыптыр. Чачынан сүйрөп, сабап, колун артына байлап, башына пакет кийгизишкен. Анда да кызым алардын айтканына көнгөн эмес. Анан алар “апаңды сенин жаныңа отургузабыз, ошондо бөлөкчө ырдайсың” дешиптир. Кызым "Кандайча?" десе, “Азыр сенин үйүңө эки опер барат. Бирөө дааратканага кирип, суу ичимиш болуп баңгизатын ыргытып коёт. Кийин алардын артынан башкалар барышат. Анан апаң экөөңөр ушул жерде отурасыңар” деген. Шахида ошондон коркуп, алардын айтканына көнгөн.

Шахиданын 2010-жылдын 12-декабрында тергөө учурунда сүйлөгөн сөзү:

“Мен бурулуп караганда анын жерде жатканын көрдүм. Адилет “ары кет, ал азыр аны өлтүрөт” деп айтты. Анан таш менен ургулай баштады. Адилет келип Урматты токтотту. Мен Адилет менен кеттим. Алар ошол жерде калышкан. Адилетке айттым, “ал азыр аны өлтүрөт” деп”.

Ал эми “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун кызматкери Рысбек Адамалиев жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор тарабынан 2014-жылдын 15-майында тартылып алынган тасмада Шахида төмөндөгүлөрдү айткан:

“Мен мага коюлган күнөөнү мойнума албаган соң, алар мага “апаңды ойлон”, “Апаңдын сенин жаныңда отурушун каалайсыңбы?” дешти. “Кандай негизде апам менин жаныма отурат?” десем, алар “Үйүңө барабыз да, керектүү нерсени ыргытып коёбуз, анан апаң жаныңда болот” деп айтышты. Мен аргасыз алардын айтканына макул болдум”.

Ак ийилет, бирок сынбайт. Чындык ким тарапта болсо, ал сөзсүз утуп чыгат. 27-май күнү боло турган сот отурумунда судьялар адилет чечим чыгарат деген үмүттөбүз.

 
Бул окуя боюнча экинчи тараптын, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жакындары менен байланышууга аракет жасадык. Бирок, тилекке каршы, алар менен байланыша алган жокпуз. Редакция экинчи тарап менен байланышары менен алардын да пикирин чыгарат.   





Соттун өкүмүн күтүп баса албай, сүйлөй албай калган Шахиданын абалы

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(75)
23.05.2014. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dream2013 - 3 күнгө БАН!
Сайтта жаргон сөздөрдү колдонууга, кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
23.05.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызга боорум ооуп кетти. Кыйнаган милиционерлер жакшылык корбосун
23.05.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Olturgondordon alchysyn aldy anan jon ele bir baikushtu moinuna aldirip koiushtu da alar akcha uchun apasy m.n atasyn da kamap jiberet kgde adiletuuluk jok olsonor bolo
23.05.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul kyzdy jon ele kuru doomat kilgandarga naalat eki buttu aibandar kudaidan kunu tunu tileim ushunu jon ele kordop jatkandar kyinalip olsonor eken
23.05.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш кыздын тагдырын талкалабай адилеттуу чечим чыгарышсын жана ошол кызды сабаган орган соройлорунун журогуно кичине болсо да адамдык ынсап пайда болуп эркиндике чыгышын кудайдан тилейт элем
SUPER.KG видео
23.05.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
берги эки бала да соттолгонбу алар жонундо маалымат жок
SUPER.KG видео
23.05.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай абалга эч ким жетпесин эч бир адам оорубасын бирок бул кыздын соссуз турдо тийеши бар деп ойлойм шамал болсо чоптун башы кыймылдабайт депгендей уч жыл мурунку бирген коргозмосун карап коруп ал кыз да бироонун баласы да адамды олтуруш оной эмес ко
SUPER.KG видео
23.05.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ой карап олтуруп журогум эзилип кетти байкуш кыз эми мындан кийинки жашоосу эмне болот десен
SUPER.KG видео
23.05.2014. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Myndai abalga jetkirbei darylaganga shart jokpu abakta? Keldibekovgo operatsia dele jasashty go? bul kyz sovsem ele orup kalyptyr, abaktyn nachalnigi joop bersin emi
23.05.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым адам баласына жамандык коргозбосун кудайдан тилеерим жанагы кызды кордогон еки буттуу айбандарга сот туура чечим чыгарып турмодо чирисин кыз айыгып уй булоо куруп бактылуу болуп жашасын
tynara1983 түзөттү 23.05.2014 16:13
SUPER.KG видео
23.05.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул милициялар эмне ушунчалык оорулу болуп калгыча байкуш кызды кыйнадынар озунордун деле карындаштарынар барбы деги эми кийинки жашоосу эмне болот байкуш кыз ай жаман болуптур эненин созун угуп эле тынч жашай бербейт беле коп баскан аяк бок басат болгон турбайбы.
23.05.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыз
SUPER.KG видео
23.05.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ушинтип куноолуу эмести куноолуу кылып анан звания алышат милиция кызматкерлери оздорунун бала чакасы жоктой кудай карап турат
23.05.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын . байкуш кызга шыфаа берсин !
23.05.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болгон кундо кызды бошотсо болотэми. Куноосу болсо да болбосо да чыгарып реабилитация кылыш керек, куноосу болгон болсо кудай жазалаганы деп билели, куноосу болбосо ушуга жеткизгендерди кудайга коелу, ылайым акыйкаттык болсо экен.
SUPER.KG видео
23.05.2014. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кэчээтеден бери ойлоп эсимен кетпей койду. Кудайдан коркпойбу мындай мыйзам коргоочулар? Деги...же билип туруп пагондогу жылдызча учунбу? ошол кыйнагандар эмне болуп атышты экен? Же бул алардын мин кылганынын бириби?
23.05.2014. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай нерселерди коргондо жаным чыгат оперлер кызды колдон чыгарса кайра тергоо кылып издегилери келбей эптеп делону жаап салыш керек ХХХ ХХХ ХХХ керек силердейлерди!
Модератор admin_portal түзөттү 26.05.2014 10:51
26.05.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirbakg - 2 күнгө БАН!
Провокацияга жол берилбейт!
SUPER.KG видео
23.05.2014. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдигерлик эч бироонун козунон Шахиданын тагдыры учун куйуп-бышкан боор оорууну коро албадым. Коргон адамдын уройу учат. Заман акыр ушул эмеспи(((
SUPER.KG видео
23.05.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буулуккан журок, буулукпачы, колундан жардам келбесе, буулукканда эмне пайда?(((
SUPER.KG видео
24.05.2014. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
берки балдар не болгон соттолгонбу
SUPER.KG видео
24.05.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур, апасынын абалын тушунуп турам бирок эметтим эметип дебей созун даярдап алса болмок экен.
SUPER.KG видео
24.05.2014. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ei jaratkan allahym ozun taraz bol!!
SUPER.KG видео
25.05.2014. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул окуяга эки оз караш менен карадым. Биринчиси биздин милиция бизди колдобой кордоп эле калган байкуш кыз келеченин ойлоп нерфтен ооруп калыптыр. Экинчиси эгер адам олтургонго тиешеси бар болсо жараткан тарабынан жазасын алып жатат кан койо бербейт дечу элего.Олгон кызда бироонун ушул кыз сыяктуу чырактай кызы эледа. Ал жашоодон канкорлордун айынан коштошуп кете берди бул кыздын апасындай ал кыздын ата энесида сыздапкала беришти .Эгер ошол убакта коргон болгонубузда кудай жазасын берсин деп
SUPER.KG видео
25.05.2014. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жазат элек.Эми жаратканым шыпаасын берип айыгып кетсин.Эч кимибиз абактын жузун корбойлу.
SUPER.KG видео
25.05.2014. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара кыз ыйлай берип, өзүн токтото албай калыптыр, кандай кудайдан коркпогондор мындай кылат, кыздын күнөөсү жок экени билинип эле турат айдан ачык.
SUPER.KG видео
27.05.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Если действовал бы Шариат это девушка была бы отпущена и никакие следственные мероприятия не проводились бы в отношение нее. Так как согласно шариату одна женщина не может выступать свидетелем на суде. Могут выступить две или более двух женщин свидетелем, но одна никак не может и сразу же отпускается. Ее показание считается сведением добытое преступным путем. Поэтому Ислам облегчает жизнь и защищает права человека. Жаль погубили жизнь девушке.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куноон жок болсо кудай колдоор! эхххх..... Жан кеийит!
SUPER.KG видео
31.05.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Митинг уюштурушса элдер,чыгып кетет бул кыз эгерде боору ачыгандар болсо бул кызга.Бир креслодо отурган элге пайдасы тийбегендердин артынан канча тополон согуш болуп кететго.
SUPER.KG видео
05.06.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiko8908,
Сын-пикир жана суроолор info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
SUPER.KG видео
29.07.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
malsirun, провокацияга жол жок.
Эскертүү!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: