super.kg logo

22 жаштагы Шахида Аманбаева 3,5 жылдан бери абакта соттун өкүмүн күтүп келет

 
Рысбек Адамалиев, “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун кызматкери
Күмүшбек Ыбыкеев, Шахида Аманбаеванын жактоочусу
Нургүл Аманбаева, Шахида Аманбаеванын апасы
Шахида Аманбаева 2010-жылдын 12-декабрында окуя болгон жерде көрсөтмө берип жаткан учуру.
2010-жылдын 6-апрелине караган түнү болгон адам өлтүрүү фактысы ушул жерде катталган.
Шахиданын 2010-жылдын 29-сентябрында "паспорт алам" деп түшкөн сүрөтү
Шахида Аманбаева 3,5 жылдан бери абакта соттун өкүмүн күтүп жатып баса албай, сүйлөй албай калган.
Шахиданын күндөлүгүнөн
Шахида Аманбаева 2010-жылдын 12-декабрында тергөөчүнүн бөлмөсүндө көрсөтмө берип жаткан учуру.
Шахида Аманбаева 3,5 жылдан бери абакта соттун өкүмүн күтүп жатып баса албай, сүйлөй албай калган.

Шахида Аманбаева 22 жашта. Ал 2010-жылдын 10-декабрында "адам өлтүрүү фактысына катыштыгы бар" делип камакка алынган. Ошондон бери соттун өкүмүн күтүп келет. Учурда ал жакшы сүйлөй албай, баса албай калган. Төмөндө маселенин чоо-жайын иликтөөгө аракет кылып көрдүк.

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев, 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева кармалган.

Рысбек Адамалиев, “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун кызматкери:

- 2011-жылы Шахиданын апасы “укуктук жактан жардам бериңиздер” деп бизге кайрылган. Анда ал кызынын милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолорго, зомбулукка учураганын айткан. Биз Шахиданы 2013-жылдын июнь айында №1-СИЗОдо мониторинг жүргүзүп жатканда жолуктурдук. Ошондо ал өзү тууралуу айтып берип, өзүн жакшы эле сезип жаткан. Бирок 2014-жылдын 14-май күнү №1-СИЗОго барганыбызда аны баспай, жакшы сүйлөй албай калган абалда көрдүк.

Күмүшбек Ыбыкеев, Шахида Аманбаеванын жактоочусу:

- Иш начар, чала, сапатсыз тергелген. Мындан улам соттор бир чечим кабыл ала албай жатышат. Өлүктү кароо учурунда каталар абдан көп кеткен. Алсак, өлүктүн жанына Шахиданын плащынын лентасын коюп коюшкан. Муну “каза болгон Рабига аттуу кыз менен кармашканда жулунуп калган” деп жатышат. Бул тергөөнүн версиясы. Бирок ал күнү Аманбаева плащ кийип жүргөн эмес. Каза болгон кыздын апасынын айтымында, кыздын кийиминин чөнтөгүнөн ачкыч, 9 сом жана бет аарчы табылган. Тергөөчүнүн тарткан сүрөтүндө аталган буюмдар, плащтын лентасы колунун жанында турат. Бул жерде соттор анча-мынча коркоктук кылып жатышат. Төрт судьянын арасынан мага айткандары да болду, “күнөөсү жок, бирок кечирип кой” деп. 3 жылдан кийин Токмок шаардык соту актап, "күнөөсү жок" деп чечим чыгарып берди. Бирок буга жабырлануучунун атасы “каршымын, макул эмесмин” деп апелляциялык даттануу жазды. Кечээ, 20-майда ошол арызды Чүй облустук соту карады. Мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен сот отуруму 27-майга жылды. Бул сот жакшы чечим чыгарат деп үмүттөнүп жатабыз.

Нургүл Аманбаева, Шахида Аманбаеванын апасы:

- 2010-жылдын 10-декабрь күнү үйдө болчубуз. Анан 15ке жакын милиция кызматкери келип, “Рабиганын телефонун таптык, ошонун распечаткасын карап берсең” деп Шахидага айтышты. Анан биз Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына келдик. Ал жактан кызымды бир бөлмөгө алып кирип кетишти. Мен коридордо күтүп турдум. Тергөөчүдөн кызымды бүгүн камабай эле коюшун сурандым, бирок алар болбой коюшту. Анан мен кетип калдым. Кызымдын айтымында, аны 5 саатка жакын кыйнашыптыр. Чачынан сүйрөп, сабап, колун артына байлап, башына пакет кийгизишкен. Анда да кызым алардын айтканына көнгөн эмес. Анан алар “апаңды сенин жаныңа отургузабыз, ошондо бөлөкчө ырдайсың” дешиптир. Кызым "Кандайча?" десе, “Азыр сенин үйүңө эки опер барат. Бирөө дааратканага кирип, суу ичимиш болуп баңгизатын ыргытып коёт. Кийин алардын артынан башкалар барышат. Анан апаң экөөңөр ушул жерде отурасыңар” деген. Шахида ошондон коркуп, алардын айтканына көнгөн.

Шахиданын 2010-жылдын 12-декабрында тергөө учурунда сүйлөгөн сөзү:

“Мен бурулуп караганда анын жерде жатканын көрдүм. Адилет “ары кет, ал азыр аны өлтүрөт” деп айтты. Анан таш менен ургулай баштады. Адилет келип Урматты токтотту. Мен Адилет менен кеттим. Алар ошол жерде калышкан. Адилетке айттым, “ал азыр аны өлтүрөт” деп”.

Ал эми “Кылым шамы” адам укугун коргоо борборунун кызматкери Рысбек Адамалиев жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор тарабынан 2014-жылдын 15-майында тартылып алынган тасмада Шахида төмөндөгүлөрдү айткан:

“Мен мага коюлган күнөөнү мойнума албаган соң, алар мага “апаңды ойлон”, “Апаңдын сенин жаныңда отурушун каалайсыңбы?” дешти. “Кандай негизде апам менин жаныма отурат?” десем, алар “Үйүңө барабыз да, керектүү нерсени ыргытып коёбуз, анан апаң жаныңда болот” деп айтышты. Мен аргасыз алардын айтканына макул болдум”.

Ак ийилет, бирок сынбайт. Чындык ким тарапта болсо, ал сөзсүз утуп чыгат. 27-май күнү боло турган сот отурумунда судьялар адилет чечим чыгарат деген үмүттөбүз.

 
Бул окуя боюнча экинчи тараптын, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жакындары менен байланышууга аракет жасадык. Бирок, тилекке каршы, алар менен байланыша алган жокпуз. Редакция экинчи тарап менен байланышары менен алардын да пикирин чыгарат.   





Соттун өкүмүн күтүп баса албай, сүйлөй албай калган Шахиданын абалы

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(75)
22.05.2014. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ушул ХХХ тойгоздун булар бизди коргобой эле булар бизди кордойт ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 23.05.2014 09:47
22.05.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ушу кызды кордогондор омур бою жакшылык корбосун ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 23.05.2014 09:51
22.05.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ХХХ ХХХ ХХХ... озунордун апанарды, карындашынарды .ушулардын оордуна коюп корбойсурбу.
Модератор admin_portal түзөттү 23.05.2014 09:51
22.05.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен тушунбойм,кандай адам кыз баланы кордойт.КРда эптеп эле мойнуна адырыш эсепби?
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: