Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда “Манас” клубу 9 оюнда катары менен жеңилди

Кечээ, 22-майда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги - ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында нарындык “Ала-Тоо” бишкектик “Манас” клубун 3:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына беттеш калысы Рысбек Шекербеков билдирди.
Анын айтымында, “Дордой” спорт-комплексинде орун алган беттеште “Ала-Тоонун” оюнчулары оюн башынан тарта демилгени колго алып, ишенимдүү оюн алып барышты.
Кошумчалай кетсек, бул жеңиш менен “Ала-Тоо” сезондо топтогон упайларынын санын 10го жеткирди. Ал эми “Манас” 9 оюн катары менен жеңиш бетин көрбөй келүүдө. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
NARYNGRAD

25.05.2014. 20:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала-Тоо алдыга!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.