super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев куралдарды, аскердик техникаларды кошумча нарк салыгынан бошотууга багытталган мыйзамга кол койду

 
10-январда, президент Алмазбек Атамбаев "КРнын бир катар мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамына кол койду. Бул мыйзамга ылайык, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик органдар жана уюмдар КРнын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу максатында Кыргызстанга импорттолуучу куралдар, аскердик техникалар, аскердик мүлк, атайын техникалар жана атайын каражаттар кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Мыйзам Салык кодексине жана Бажы кодексине тиешелүү толуктоолорду киргизет.  Айта кетсек, бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2012-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: