super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык футболчу Валерий Кичин ойногон “Уфа” командасы Орусиянын Жогорку Лигасына чыкты

 

Акыркы сезонду Орусиянын Футболдук Улуттук Лигасында (1-дивизион) өткөргөн башкортостандык “Уфа” клубу кийинки сезонду Орусия Премьер-лигасында өткөрөт. Кыргызстандык футболчу Валерий Кичин ойногон “Уфанын” Жогорку Лигага чыгары кечээ, 22-майда өткөн оюндардын жыйынтыгында белгилүү болду.

Орусия Премьер-лигасында сезондо топтогон упайлардын эсебинен 13-орун менен 14-орунду ээлеп калган “Томь” жана “Крылья Советов” лигада калуу үчүн Футболдук Лиганын 3-4-орунду ээлеген командалары менен экиден беттеш өткөрдү. Натыйжада бул эки команда тең 2 беттештин жыйынтыгында утулуп, кийинки сезонду Орусиянын Футбодук Улуттук Лигасында өткөрмөй болду.

“Уфанын” коргоочусу Валерий Кичин учурда Кыргызстан курама командасынын курамында Мальдив аралдарында АФКнын Чакырык Кубогуна катышып жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: