super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Нарын районунда сууктун айынан билим берүү мекемелеринде жылуулук берүү талаптагыдай болбой жатат

 

Кыргызстанда сарык жана сасык тумоо ооруларынын күч алганына байланыштуу 2012-жылдын 24-декабрында мектеп окуучулары кышкы каникулга таратылган. Учурда сууктун кесепетинен Нарын районундагы мектептерде жылытуу системдеринин күчү жетпей жатат. Бул тууралуу Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору Совет Усубалиев билдирди. Анын айтымында, Нарын шаарында 8 мектеп болсо, алардын баары электр энергиясы менен жылытылат. Ал эми район  боюнча 35 мектеп болсо, алардын ичинен 25 мектеп көмүр менен, 10 мектеп электр энергиясы менен жылытылат. Окуучулар 14-январдан тарта мектептерге бара башташат. Ошондой эле райондогу ЖОЖдорго караштуу окуу мекемелеринде, колледждерде да жылуулук жакшы берилбегендиктен, окутуучулар сырткы кийим менен отуруп иштеп жатканын айтат Усубалиев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: