super.kg logo

Саруу айылында чыгармачыл жаштар менен ардагер акын, жазуучулардын кечеси болуп өттү

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата чыгармачыл жаштар менен ардагер акын-жазуучулардын кечеси болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматка ылайык, иш-чара “2014-жыл - Ынтымактын, достуктун, биримдиктин, тазалануунун жана аруулануунун жылы” деген ураандын алдында өткөрүлдү. Ага республикадан, облустагы белгилүү акын, жазуучулар, райондогу бардык мектептердеги жаш чыгармачыл, калемгер окуучулар, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондун акими жана Саруу айылынын тургундары катышышты.  

Чыгармачылык кечеде мектеп окуучулары акын-жазуучулардын чыгармаларын көркөм окушуп, жомок, тамсилдерин аткарып беришти. Ошондой эле жаш калемгерлер акын-жазуучуларга арнап жазган ырларын окуп беришти. Иш-чараны райондун аксакалдар жана аялдар кеңеши уюштуруп, Саруу айылы демилге көтөргөн, ал эми иш-чараны уюштурууга ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Каптагаев көмөк көрсөткөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: