super.kg logo

Бишкекте селсаяк адам өлтүрүү фактысына шектелип кармалды 

 

Бишкекте селсаяк "бөтөлкөлөшүн өлтүрүп алган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-майда билдирди.

Маалыматтарга ылайык, 22-майда Фрунзе-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинен ур-токмоктон каза болгондугу тууралуу белгилери бар, аты-жөнү такталбаган жарандын жансыз денеси табылган. Иликтөөлөрдө өлүмгө дуушар болгон жаран борбордо селсаяктык кылып жүргөн Жумгал районунун 47 жаштагы Сүйүнбек аттуу тургуну экени аныкталган. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары Кубатбек аттуу селсаяк болуп жүргөн жаран кармалган. Сурак учурунда Кубатбек кырсык болгон күнү каза болгон Сүйүнбек менен спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кеткенде башына таш менен чаап өлтүрүп алгандыгын айткан. Азыркы тапта бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: