super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Фергана облусунун акими менен жолугушту

 

Баткен облусунун башчысы өзбек тараптан келтирилген зыяндын чыгымын төлөп берүүнү талап кылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Жеңиш Разаков өзү маалымат агенттиктеринин бирине кабарлаган. Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-январда ал Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев менен жолугушту. Ж.Разаков Фергана облусунун акиминен чек ара жаңжалында келтирилген чыгымды төлөп берүүсүн талап кылган. Учурда Баткен облустук бюджетинен барымтада болгон 16 жаранга 1000 сомдон, ооруканада жаткан жабырлануучуларга 2000 сомдон берилген жана алар дары-дармек жагынан да бекер камсыз болушууда. Эске салсак, 5-январда Баткен облусунун Чарбак айылына Өзбекстандын жарандары кирип келип, кишилерди сабап, барымтага алып кетишкен. Кийинчерээк Өзбекстан аркылуу келе жаткан автоунааларды жүргүнчүлөрү менен барымтада алып калышкан. Жалпы 34 жаран 7-январь эки тараптын бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында барымтадан бошотулган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: