super.kg logo
  Саясат  

Эрлан Абдылдаев Түркияда өткөн стратегиялык өнөктөштүк боюнча отурумга катышты

 

Анкара шаарында бүгүн, 23-майда Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин катышуусунда стратегиялык өнөктөштүк боюнча биринчи отурум болуп өттү. Анда 2014-жылдын 3-июнунда өтүүчү Стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин үчүнчү отурумуна даярдыктар талкууланды. 

Ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө тармагында талкуу болду. Тараптар 2013-жылдагы товар алмашуунун динамикасы жакшы жышаан экенин белгилеп өтүштү. 

Мындан сырткары КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев М.К.Ататүрктүн элесине арнап Аныткабир күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: