Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева медициналык мекемелерди кыдырат
Бишкекте 26-май күнү “Министр байланышта” акциясынын алкагында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева саламаттыкты сактоо мекемелеринде болот. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын негизги максаты - көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапатын баалоо. Ал эми кайсы объектини текшерүү жөнүндө чечим журналисттер менен биргеликте кабыл алынат.
Ошондой эле 26-май күнү эки радиотүйүндүн эфири аркылуу саламаттыкты сактоо тармагынын инфраструктурасын жакшыртуу жана коррупция жөнүндө маалымат берип, маалымат жыйын өткөрүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын суроолоруна жооп берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
dentistka

24.05.2014. 09:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии. Текшеребереткенсинерда, иштегени койбойэле, андан коро айлыкты жогорулатса болмок. Же эскирген больницалардын ордуна жанысын курууну ойлонуштурсанар жакшы болотэле. (((
zhanarbek80

25.05.2014. 12:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ечкандай текшеришпейт келет кетет сый коруп еч кандай результат жок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.