Таиланддагы аскердик төңкөрүштү жасаган Прают Чан-Оча өзүн премьер-министр кылып дайындады
Кечээ, 23-майда Таиланддагы аскер башчы Прают Чан-Оча өзүн премьер-министр кылып дайындады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялады.
Мындай чечимди Убактылуу өкмөт кабыл алды. Таиланд өкмөт башчысынын милдетин аткарууга киришкен генерал Прают Чан-Оча бийлик аскер жетекчилигине өткөнүн жана өкмөттү көзөмөлгө ала турганын жарыялап, мурдагы бийликтин 155 саясий кызматтагы мүчөсүнө чет өлкөгө чыгууга тыюу салды.
Эске салсак, 22-майда Таиландда Чан-Оча баштаган аскер жетекчилери өлкөдө аскердик төңкөрүш жасаганын жарыялашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















