Дайыр Асанов атындагы Кыргыз аскер лицейин 58 курсант аяктады (фоторепортаж)
3 жыл бирге окуган курсанттар салтанаттуу кече белгиленген убакыттан мурун келип, саатты карап күтүп турушту.


3 жыл бирге окуган курсанттар салтанаттуу кече белгиленген убакыттан мурун келип, саатты карап күтүп турушту.

Акырындык менен чогулгандар аракетке өтүп, салтанат курсанттарды 2 катарга тизүү менен башталды.

Андан соң окуу жайдын мугалимдери бүтүрүү кечесине күбө болуу үчүн орундарына чакырылды.

Майрамдык кече аскердик оркестрдин коштоосунда болду.

Алгач курсанттар генерал-майор Дайыр Асановдун эстелигинин алдына гүлчамбар коюшту.

Алгач курсанттар генерал-майор Дайыр Асановдун эстелигинин алдына гүлчамбар коюшту.

Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун жубайы Жамал апа уул-кыздарынын коштоосунда келди.

Андан соң байракты өткөрүп берүү аземи орун алып, кече салтанаттуу түрдө ачылды.

Андан соң байракты өткөрүп берүү аземи орун алып, кече салтанаттуу түрдө ачылды.

Окуу жайды быйыл 58 курсант аяктап жатат.

Иш-чара салтанаттуу түрдө ачылган соң окуу жайдын башчысы, милициянын полковниги Дамир Өзбеков сөз сүйлөдү.

Коргоо министрлигине караштуу аскердик даярдоо окуу бөлүмүнүн башчысы, полковник Мирбек Казымбеков каалоо-тилектерин айтты.

Окутуучулар Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары жана төш белгилери менен сыйланышты.

Окутуучулар Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары жана төш белгилери менен сыйланышты.

Дайыр Асановдун жубайы Жамал апа: "Аскердик лицейге тапшыруу менен силер жаркын келечекти тандагансыңар. Силер курактуу балдар учурда чет өлкөгө иштөө үчүн кетип жатканы өкүндүрөт. Ата-энелериңерге рахмат, силердей тарбиялуу балдарды өстүргөнүнө. Жолуңар байсалдуу болсун!"

Кече аскердик оркестрдин коштоосунда өттү.

Ырлар окулуп, каалоо-тилектер айтылып жатты.

Бүтүрүү кечесинде мекен тууралуу, мугалимдер тууралуу ырлар аткарылды.

Бүтүрүүчүлөр 3 жыл бою окуткан мугалимдерин ак бийге тартып, жетине албай кубанып турушту.

Келечекке олуттуу кадам таштаган бүтүрүүчүлөрдүн жүзүнөн толуп-ташкан кубаныч байкалып турду.

Бүтүрүүчүлөрдүн эсинде түбөлүк жаңыра турган акыркы коңгуроо кагылды.

3-курстун курсанттары 2-курстун курсанттарына билим ачкычын салтанаттуу түрдө өткөрүп берип жатышат.

3-курстун курсанттары 2-курстун курсанттарына билим ачкычын салтанаттуу түрдө өткөрүп берип жатышат.

Салтанаттын жүрүшүнөн...

Бүтүрүү кечесинин расмий бөлүгү аскердик парад менен жыйынтыкталды.

Андан соң эркин сүрөткө түшүүгө, курсанттар үчүн куттуктоолорду кабыл алууга укук берилди.

Андан соң эркин сүрөткө түшүүгө, курсанттар үчүн куттуктоолорду кабыл алууга укук берилди.

Курсанттар куттуктоолорду кабыл алып, жакындары менен, мугалимдери менен эстеликке сүрөткө түшүп жатышты.

Курсанттар куттуктоолорду кабыл алып жатышты.
Бүгүн, 24-майда Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз аскер лицейинде бүтүрүү кечеси орун алып, окуу жайды 58 курсант аяктады.
Иш-чарага Дайыр Асановдун жубайы, жакындары конок катары чакырылып, сөз сүйлөштү. Андан тышкары Коргоо министрлигинен өкүлдөр, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, жакындары, окуу жайдын эмгек жамааты жана төмөнкү курста окуган курстанттар катышышты. Бүтүрүүчүлөрдүн ыр-бийи менен коштолгон иш-чара алкагында көптөгөн каалоо-тилектер айтылып, мекен тууралуу, мугалимдер тууралуу ырлар обого жаңырды. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
diamond901512

24.05.2014. 14:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болокчоктогу мекен коргочулар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.