super.kg logo
  Саясат  

Баткенде митингге чыккандар депутаттарга бир катар талаптарды коюшуп, алардын аткарылышын тездетүүнү суранышты

 
ЖКнын депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Эгемберди Эрматов жана КРнын Жаштар министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Төлөнбай Нурбаев 10-январь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айылдык округуна караштуу Жаш-Тилек айылында, Баткен районунун Согмент, Газ, Чарбак айылдарында болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жаш-Тилек айылынын жол тосуп, митингге чыккан тургундары менен жолугушкан депутаттар, жашоочулардын койгон талаптарын жана сунуштарын угуп, тиешелүү чаралардын көрүлө турганын билдиришти. Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, жергиликтүү тургундар Чарбак айылында болуп өткөн чырлуу окуяларга Жогорку Кеңеш жана Өкмөт тарабынан көңүл бурулуп, койгон талаптарынын аткарылышын айтышты. Митингге чыккандардын негизги талабы чек ара маселесин жөнгө салуу, күч органдарынын иштөөсүн күчөтүү, көйгөйлөрдү жараткан айланма жолдордун муктаждыктарын тез арада чечүү, чек арадан үй курууга кыргыз жарандарына жер тилкелерин берүү талаптарын коюшту. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: