Украина: Луганск облусундагы шайлоо участкаларынын биринде атышуу болуп, 1 адам каза тапты
Украинанын Луганск облусундагы Новоайдар шайлоо участкасында атышуу болуп, анда 1 адам каза тапса, дагы бирөө жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Украинанын ИИМинин башчысынын орун басары Сергей Яров маалымат каражаттарына билдирген.
"Шайлоо участкасында атышуу болду. Бир адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алды. Өз убагында кол салгандар, террористтер кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө",- деген ал өз билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, буга чейин маалымат каражаттарында Новоайдарда комиссия мүчөлөрүнүн бири "шайлоо участкасы ачылбайт" дегенде, "Днепр" отряды ок чыгаргандыгы тууралуу айтылган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
1

