super.kg logo
  Саясат  

Украинадагы президенттик шайлоодо Пётр Порошенко лидерлик кылууда

 

Бүгүн, 25-майда Украинада өткөн президенттик шайлоо аяктап, күркөлөр жабылды. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, миллиардер Пётр Порошенко лидерлик кылууда. 

Чет элдик ММКлардын маалыматына таянсак, ал шайлоонун жүрүшүндө биринчилерден болуп жалпы шайлоочулардын 57,31 пайыз добушун жыйнай алды. 

Ал эми экинчи катарда анын атаандашы, “Батькивщин” партиясынан ат салышып жаткан өлкөнүн экс-премьери Юлия Тимошенко келүүдө. Ал 12,39 пайыз добуш ала алды. Шайлоого жалпы 18 талапкер ат салышты. 

Шайлоонун расмий жыйынтыгы дүйшөмбү күнү белгилүү болот. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: