Орусия курамасы хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугун утуп алды
Орусия чемпиондук наамды багындырды.


Орусия чемпиондук наамды багындырды.

Мелдеште 10 беттештин баарында жеңишке жетишкен орусиялык хоккейчилер...
Кечээ, 25-май түнү Беларуста хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталып, чемпиондук наамды Орусия курама командасы багындырды. Орус хоккейчилери финалда Финляндия курама командасын 5:2 эсебинде утуп алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, финалдык беттеште Орусияга жеңиш алып келген шайбаларды Сергей Широков, Александр Овечкин, Евгений Малкин, Данис Зарипов жана Виктор Тихоновдор жаратышты. Жалпысынан чемпиондор мелдеш алкагында 10 оюнда тең жеңишке жетишип, атаандаштарынын дарбазасына 42 шайба киргизишти.
Ал эми 3-орун үчүн болгон беттеште Швеция курама командасы Чехия менен кез келип, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Кошумчалай кетсек, Орусия курама командасы жыл сайын өтүүчү Дүйнө чемпиондугун 5-ирет утуп алды. Ал эми финляндиялыктар үчүн бул күмүш жетинчиси. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
acer11

26.05.2014. 10:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дүйнө чемпиондугун утканы жакшы болуптур, Бирок Сочи Олимпиадасында байгесиз калганы окундурот.
aibek92

26.05.2014. 13:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билгееееем)))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.