super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар “Бажы биримдигине кирүү боюнча туура эмес маалымат берип жатасыңар” деп журналисттерди сындашты

 

Парламент депутаттары “Бажы биримдигине кирүү боюнча туура эмес маалымат берип жатасыңар” деп журналисттерди сындашты. Муну парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында депутат Эркин Сакебаев айтып чыкты. Айтымында, журналисттер берген жалган маалыматтан улам эл аталган биримдикке кирүүдөн коркуп жатат. 

“Журналисттер туура маалымат берсеңер... Көрүнгөн менен сүйлөшүп аласыңар да, элди коркутуп жатасыңар. Мисалы, экономика министри Темир Сариев "377 миллион" деп маалымат берсе, радиодон “150 миллион” деп берип жатат. Ушуга көңүл буруп койгула”,- дейт депутат.

Айта кетсек, аталган комитетте бүгүн Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасынын долбоору каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: