Кыргызстандын түштүгүндө эхинококкоздун, бруцеллёздун алдын алуу жана жайыттарды башкарууну жакшыртуу боюнча семинарлар өтөт
КРнын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Кыргызстандын түштүк облустарында эхинококкоздун, бруцеллёздун алдын алуу жана жайыттарды башкарууну жакшыртуу боюнча окутуу семинарын өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эхинококкоз, бруцеллёз илдеттери боюнча окутуу семинарына Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчилиги астында 600дөн ашык адис катышат. Тактап айтканда, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын облустук жана райондук бөлүмдөрүнүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери, Айылдык ден соолук комитеттеринин жана Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин мүчөлөрү, жеке ветеринарлар катышат. Семинар Баткен облусунда 27-майда, Ошто 29-майда, Жалал-Абадда 30-майда өтөт. Окутуу семинары вакциналарды жана антигельминтиктерди сатып алуу, зооноздук оорулар жөнүндө адамдардын билимдерин жакшыртуу, гранттык каражаттарды бөлүү аркылуу жайыттардын инфраструктурасын жигердүү өнүктүрүүгө багытталат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
samar82

26.05.2014. 13:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы антпесе эхинококкоз менен ооругандар кобойуп жатат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.