super.kg logo

Канн кинофестивалында "Алтын пальма бутагы" түрк тасмасына ыйгарылды (фоторепортаж)

 
Баш байгенин ээси түрк режиссёру Нури Бильге Жейлан.
"Эң мыкты сценарий" наамына ээ болгон «Левиафана» тасмасынын жаратуучулары: актёрлор Алексей Серебряков, Роман Мадянов, Владимир Вдовиченков, Елена Лядова жана режиссёр Андрей Звягинцев.
Квентин Тарантино менен Ума Турман кызыл килем үстүндө кызуу баарлашууда.
Алгачкы жеңиштин даамы: «Алтын камера» наамын Франциянын «Тусовщица» картинасы алды.
Кинофестивалда "Мыкты актёр" деп табылган актёр Тимоти Споллго Моника Беллуччи сыйлык тапшырды.
"Мыкты актриса" наамына ээ болгон Жулианна Мур кинофестивалдын жабылыш аземине катыша албай калгандыктан, анын сыйлыгы "Жылдыздуу карта" тасмасынын сценаристине тапшырылды.
Орусиялык режиссёр Андрей Звягинцев жана испан актрисасы Пас Вега.
Калыстар тобунун сыйлыгына канадалык актёр жана режиссёр Ксавье Доландын "Апаке" жана режиссёр Жан-Люк Годардын "Сөздү кечиргиле" тасмалары ээ болду.
Канадалык режиcсёр Ксавье Долан 25 жашта. 19 жашынан тарта тасма тартып келет.
79 жаштагы Софи Лорен келишимдүү келбети менен көрүүчүлөрдү таң калтырды.
Бул күнү баш байгеге ээ болгон түрк режиссёрунун кубанычында чек жок болду.
Сыйлык тапшыруу аземинен.
Канадалык режиcсёр Ксавье Долан минтип сүйүнүчтөн жашып да алды.
Андрей Звягинцев
Андрей Звягинцев
Квентин Тарантино менен Ума Турман кызыл килем үстүндө бий бийлешти.
Кинофестивалдын жабылыш аземинин жүрүшүнөн.
Испан актрисасы Пас Вега.
Софи Лорен кызыл килемден уулу Эдуардо менен чогуу өттү.
Орусиялык телеалпаруучу Виктория Боня

Кечээ, 25-майда Канн кинофестивалынын жабылыш аземи болуп өттү. Анда эң мыкты тасма, актёр, актриса, режиссёр, сценарий тандалып, аларга сыйлыктар тапшырылды. Албетте, жабылыш аземи да кино жылдыздарынын кызыл килемден өтүүсү жана алардын бийи менен коштолду.

Сыйлыктарга токтолсок, бул жылы баш байгени - "Алтын пальма бутагы" сыйлыгын Түркия өлкөсү, тагыраак айтканда, режиссёр Нури Бильге Жейландын "Кышкы уйку" ("Зимняя спячка") тасмасы илип кетти. Ага бул баалуу сыйлыкты актриса Ума Турман жана режиссёр Квентин Тарантино тапшырды. Кинофестивалдын башынан тарта сын-пикирлерге кабылып, баш байгеге талапкер болуп келе жаткан Андрей Звягинцевдин «Левиафан» тасмасы "Мыкты сценарий" наамына арзыды.  

Ал эми бул жолу "Мыкты актёр" наамына «Уильям Тернер» тасмасындагы ролу үчүн британиялык актёр Тимоти Сполл, "Мыкты актриса" наамына "Жылдыздуу карта" тасмасында жараткан ролу үчүн актриса Жулианна Мур ээ болду.  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: