super.kg logo

Жалал-Абад шаардык жашылдандыруу жана жайлуулук боюнча чарбасында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

 

Жалал-Абад шаардык жашылдандыруу жана жайлуулук боюнча чарбасында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаардык жашылдандыруу жана жайлуулук боюнча чарбасынын жетекчиси Ж.Р. 2014-жылдын март айында шаардын борбордук көчөлөрүн жашылдандыруу үчүн К.А. аттуу ишкер менен ич ара сүйлөшүп алышып көчөттөрдү жогорулатылган баада сатып алган.

Ошондой эле Ж.Р. муниципалдык питомниктен 215 даана көчөттү бекер алган. Бирок ал документке “ар бири 700 сомдон сатылып алынды” деп жазылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жетекчи мамлекетке 500 миң сом зыян алып келгени аныкталды. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: