Түркия чет өлкөлүктөрдү кабыл алуу мыйзамын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты
Түркияда 2014-жылдын 11-апрелинен тартып күчүнө кирген "Чет өлкөлүктөр жана эл аралык коргонуу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу бүгүн, 26-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Ага ылайык, 2015-жылдын 1-январынан тартып Түркияга бара жаткан чет өлкөлүк жарандын паспортунун мөөнөтү визада
көрсөтүлгөн убакыттан 60 күн кем болбошу керек. Келерки жылдын
1-январынан тарта паспортунун аяктаар мөөнөтү 60 күндөн кем болгондор
Түркияга кире албайт.
2014-жылдын 27-апрелинен тартып аталган өлкөгө кирген чет өлкөлүктөр 31-декабрга чейин жашоого, Түркиянын аймагында жүрүүгө уруксат ала алышат. Тышкы иштер министрлиги бул өлкөгө бара турган жарандарга паспортунун жарактуу мөөнөтүн узартуу керектигин эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

