Өзгөндө шаардык кеңештин 13-сессиясы өтүүдө
Өзгөндө бүгүн, 26-майда шаардык кеңештин кезектеги 13-сессиясы өз ишин баштады, күн тартибине 3 маселе киргизилди. Бул тууралуу шаардык кеңештен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган сессияда окуучулар арасында окутуу-тарбиялоо иштери жөнүндө шаардык балдар музыкалык мектебинин иши, «Өзгөн-тазалык» муниципалдык ишканасынын 2014-жылга көрктөндүрүү, санитардык-тазалык жана Өзгөн шаарын жашылдандыруу боюнча иши каралмакчы. Андан сырткары ар түрдүү маселелер да каралмакчы.
Сессияга 31 депутаттын ичинен 25и, Өзгөн шаарынын мэри жана аппарат кызматкерлери, шаардын кварталдык комитеттеринин өкүлдөрү, уюм жана ишканалардын жетекчилери катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.