super.kg logo

Ош. Алай районундагы Акыркы коңгуроо салтанатын белгилөөгө Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова катышты

 

Ош облусунун Алай районундагы Акыркы коңгуроо салтанатын белгилөөгө ЖКнын төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова катышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда райондук администрациянын басма сөз катчысы Аскар Машеров билдирди.

Маалым болгондой, эл өкүлү Алайдын Арзиев жана Б.Нарматов атындагы орто мектептеринин Акыркы коңгуроо салтанаттарына катышып, бүтүрүүчүлөрдүн келечек жолуна ак жол каалап өттү.

Ошондой эле ага Алай райондук мамлекеттик администрация акими Таалайбек Сарыбашов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбековдор катышышты.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбековдун маалыматына ылайык, быйылкы окуу жылында район боюнча 826 окуучу 11-классты, 1192 окуучу 9-классты жана 1500дөн ашык окуучу 1-классты бүтүрүштү. Мындан сырткары 2 окуучу артыкчылык менен бүтүүдө.

Б.Мамырова өзү билим алган Арзиев атындагы орто мектепке 40 миң сом жана эң мыкты бүтүрүүчү аталган эки окуучуга өзүнүн стипендиясын, ал эми Нарматов атындагы орто мектепке 50 миң сом акчалай жардамын жана 2 окуучуга өзүнүн стипендиясын тапшырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: