super.kg logo

Салык кызматынын Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын жана аймактык казыналык бөлүмүнүн кызматкери сот жообуна тартылышты

 

Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Ата району боюнча башкармалыгы жана аймактык казыналык бөлүмүнүн кызмат адамдары сот жообуна тартылышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 7-май күнкү чечими менен Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын мурдагы инспектору К.Н. шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратылса, аймактык казыналыктын мурдагы жетекчиси Р.Мга 2 миллион 100 миң сом айып пул салынды.

Айта кетсек, 2012-жылдын январь айынан 2013-жылдын март айына чейин К.Н. “патент үчүн” деп жарандан акча каражатын алып, бир бөлүгүн өзүнө, дагы бир бөлүгүн Р.Мга берип келген. Алар жогоруда көрсөтүлгөн убакыт аралыгында 866 миң сом өзүлөрүнө ыйгарып алышкан.

Ошондой эле Р.М. кылмышты жабуу үчүн УКМК кызматкерине 150 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Бул боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери менен кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: