Ырчы Самара Каримова Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн кароо-сынакта жеңүүчү деп табылды



Ырчы Самара Каримова Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн кароо-сынакта жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда ырчы SUPER.KG порталына кабарлады.
Автор: Дамира Арстанова
Анын айтымында, 24-майда аталган кароо-сынактын гала-концерти болуп өткөн. Анда Жумамүдүн Шералиевдин кызы Нарынгүл Шералиева жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектерди тапшырган.
"Бул сынакка жалпысынан 1600дөн ашык талант катышты. Кытайдан келген таланттардын да өнөрүнө күбө болдук. Кароо-сынак үч номинацияда: Жумамүдүн Шералиев агайдын чыгармаларын аспаптарда ойноо, жекече ырдоо жана жамааттык ырдоо боюнча өттү. Мен агайдын беш ырын попурри кылып ырдадым. Ошондой эле анын эч ким ырдап чыга элек "Эл законун сыйлайбыз", "Гүл сунган сулууга" чыгармаларын аткардым. Жыйынтыгында калыстар тобу жекече ырдоо номинациясы боюнча мени жеңүүчү деп табышты",- деп сүйүнүчтүү кабары менен тең бөлүштү.
Кошумчалай кетсек, Жумамүдүн Шералиевдин чыгармаларын аспаптарда ойноо номинациясы боюнча музыкант Жаныбек Ботобеков баштаган топ, ал эми жамааттык ырдоо боюнча Нарындан келген "Ак Мөөрдүн сиңдилери" тобу жеңишке жетишкен.
Самара Каримова республикалык кароо сынакта 1-орунга ээ болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.