Иранда эки жыл бою банктык алдамчылык иштерин жасаган миллиардер өлүм жазасына тартылды
Ирандын бийлиги көп миллиарддык банктык
алдамчылык иштерин жасаган Махафарид Амир Хосравинини дарга асуу 24-май күнү Тегерандын
Эвин түрмөсүндө өттү. Бул тууралуу бүгүн, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, бул иш боюнча 39 адам сот жообуна тартылып, алардын үчөөсү өлүм жазасына тартылганы маалым. Андан сырткары аталган иш боюнча айыпталуучулардын көпчүлүгү Ирандын мурдагы президентинин өкмөтүнө тиешеси болгондуктан, ал да күбө катары суракка алынган.
Ири банктын алдамчылыгы тууралуу процесс мындан эки жыл мурун апрель айында башталган. Өлүм жазасына тартылган Хосрави ээлик кылган «Амир Мансур Ариа» компаниясы алдамчылык менен 2,6 миллиард доллар иштеп тапкан.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган компания маанилүү мамлекеттик компаниялардын үлүштөрүнө документтерди жасоо жолу менен ээлик кылганы аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Topcubai

26.05.2014. 18:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин атка минерлерди да ушинтип жазаласа соонун болмок да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.