super.kg logo

Свердлов райондук аймактык казыналык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери соттолушту

 

Свердлов райондук аймактык казыналык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери соттолушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Свердлов райондук аймактык казыналык бөлүмүнүн мурунку жетекчиси С.Э. жана ошол эле мекеменин башкы адиси Б.А. кылмыштуу келишимге барышып, 2010-жылы кызмат абалдарынан пайдаланып, мыйзамсыз жазылган банк чектери менен Свердлов райондук аймактык казыналык бөлүмүнүн эсебиндеги 8 миллион 780 миң сомду уурдап алышкан. Бул окуя боюнча С.Э. жана Б.А. аттуу жарандарга карата кылмыш иши козголгон болчу.

Соттун чечими менен С.Э. үй-мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратылып, ага мамлекетке 4 миллион 101 миң сомду кайрып берүү милдеттендирилди. Ошондой эле “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдыгына карата мунапыс жөнүндөгү” КРнын мыйзамына ылайык жаза өтөө мөөнөтү кыскартылды.

Ал эми Б.А. аттуу жаранга карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу убактысы аяктагандыгына байланыштуу жаза каралган жок.

Өкүм Свердлов райондук соту тарабынан угузулуп, С.Э. жана Б.А. аттуу жарандардан мамлекетке зыян келтирилген 4 миллион 679 миң сомду төлөтүп алуу зарылдыгы айтылды.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.05.2014. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул толоткон акчалар мамлекетке тушуп атабы же толонду болуп сол дарекке кетип атабы.Мындай мамлекетке зыян келтирген кызматкерлерди эч женилдиксиз строго турдо соттош керек эле.Карасан 2,3,4жыл тергешет анан дайыма жаза отоо мооноту кыскарат.Анан мунапыска туш келет дагы ж.б.у.сыяктуу женилдиктер.Анан корупсиянын башы каякта туугандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: