super.kg logo
  Саясат  

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү кыргызстандыктарды жакшы тамактанууга чакырды

 

Бүгүн, 26-майда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин отурумунда БУУ менен Кыргызстандын өнөктөштүгү жана мындан аркы кызматташуу маселеси талкууланды. Анда өзгөчө тамак-аш коопсуздугу, жакырчылыкты жоюу маселелери каралды.

БУУнун "Дүйнөлүк азык-түлүк" программасынын өкүлү Рам Сараванамутту кыргызстандыктарды калориялуу тамактанууга чакырды. Ошондой эле тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу өкмөткө атайын программа иштеп чыгууну сунуштаарын айтты. Ал эми техникалык колдоо көрсөтүүгө аталган уюм даяр экенин кошумчалады. Депутат Айнуру Алтыбаева жакырчылыкты жоюуда айрыкча аймактар менен иш алып баруу керектигин белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: