super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги журналисттердин коштоосунда Инфекциялык ооруканада рейд өткөрдү (фоторепортаж)

 
Республикалык инфекциялык клиникалык оорукана
Рейддин жүрүшүнөн...
Журналисттер саламаттыкты сактоо министринен маек алышууда.
Динара Сагынбаева Инфекциялык оорукананын кызматкери менен мекеменин жагдайы тууралуу сүлөшүп жатат.
Инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев жана саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева
Журналисттерге медициналык маскалар таратылды.
Бейтап каттоодон өтүүдө.
Инфекциялык оорукананын клиникалык-биохимиялык лабораториясынын ичи
Наристелер үчүн тараза
Инфекциялык оорукананын клиникалык-биохимиялык лабораториясы
Инфекциялык оорукананын клиникалык-биохимиялык лабораториясынын кызматкери жаңы сатып алынган жабдуу жөнүндө айтып берүүдө.
Лабораторияга керектүү жаңы сатып алынган заманбап жабдуу (сол жакта)
Микроскоп
Инфекциялык оорукананын башкы дарыгери журналисттерге маек берүүдө.
Ооруканага имарат жетишпегендиктен, айрым бейтаптар ушундай керебеттерге жатууга аргасыз болууда.
Бейтап балдар жана алардын энелери
Бейтап балдар жана алардын энелери эч кандай даттануулар жок экенин министр айымга айтып беришти.

Бүгүн, 26-майда КРнын Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканада рейд жүргүздү. “Рейд алдын ала пландалган жана сүйлөшүлгөн” деген ойлор жаралбашы үчүн медициналык мекеме журналисттердин каалоосу менен тандалды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Инфекциялык оорукананын жетекчилиги үчүн рейд күтүүсүз болгону байкалды. Бирок буга карабастан, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын жана журналисттердин тарабынан эч сын-пикир айтылган жок.

Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев рейддин катышуучуларын тосуп, маек берип, журналисттердин бардык суроолоруна жооп берди. Андан соң оорукананын ар бир имаратына алып барып, ичтерин көрсөтүп, болгон жагдай боюнча айтты. 

“2 жыл мурун инфекциялык оорулар менен келгендер бир эле кабыл алуучу жайда катталчу. Албетте, ушунун себебинен узун кезек тизилип калчу. Ошондуктан кошумча кабыл алуучу жайларды ачтык, эми бейтаптар көп күтпөй эле жардам алышууда. Бүгүнкү күнү жалпысынан 5 кабыл алуучу жай бар. Ар биринен күнүнө 250гө чукул адам өтөт”,- деди дарыгер. 

Ошондой эле ал: “Учурда биз 190 койкага пландалган имаратка муктажбыз. Анткени айрым бейтаптарды коридорлордогу керебеттерге жаткырууга аргасыз болуп жатабыз”,- деди. 

Белгилей кетсек, Гүлжигит Аалиев 2012-жылы Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери кызматына дайындалган. Министр айым Д.Сагынбаеванын айтымында, Аалиев мекемени жетектеп баштагандан бери нааразылык арыздар бир топ азыраак түшө баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
27.05.2014. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiiiy tim ele judomo go bolnisanin ichi.apparaturalar,stuldar polkalar rakovinalar kantet.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: