Бүгүн Чүй облустук сотунда Шахида Аманбаеванын иши каралат

Бүгүн Чүй облустук сотунда 3,5 жылдан бери соттун өкүмүн күтүп келе жаткан Шахида Аманбаеванын иши каралат. Бул тууралуу анын жактоочусу Күмүшбек Ыбыкеев бүгүн, 27-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 20-май күнү облустук сот Шахида Аманбаева, Урмат Аскеев жана Алишер Жумашевдин ишин караган. Бирок мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен сот отуруму 27-майга белгиленген эле.
Айта кетсек, Шахида Аманбаева 22 жашта. Ал 2010-жылдын 10-декабрында "адам өлтүрүү фактысына катыштыгы бар" делип камакка алынган. Ошондон бери соттун өкүмүн күтүп келет. Учурда ал жакшы сүйлөй албай, баса албай калган.
Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев, 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева кармалган.
Соттун өкүмүн күтүп баса албай, сүйлөй албай калган Шахиданын абалы

Сын-пикир жана суроолор info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү!