super.kg logo

Ошто Бишкек-Кашкар-Бишкек, Ош-Кашкар-Ош авиакаттамын ачуу боюнча келишимге кол коюлду

 

26-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында Кытай Эл Республикасы менен КРнын ортосунда жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу Бишкек-Кашкар-Бишкек, Ош-Кашкар-Ош авиакаттамын ачуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалым болгондой, келишим 22-майда өткөрүлгөн КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган 3-инвестициялык форумун жыйынтыктоо учурунда болуп өттү.

Аны Кыргызстан тараптан «Sky Bishkek» авиакомпаниясынын генералдык директору Д.Абдуллаев жана Кытай тараптан Кашкар округунун ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Щию Дато кол коюшту.

Келишимге ылайык, Кытай тарап жакынкы аралыкта «Sky Bishkek» авиакомпаниясынын жетекчилигин Кашкар шаарына чакыртып, техникалык жана мындан аркы кызматташуу жөнүндө сөз кылышмакчы. Ошондой эле азыркы келишим ишке ашса, анда авиакаттамды Кыргызстандын «Sky Bishkek» авиакомпаниясы жүргүзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: