Бишкекте Балдар күнүнө карата кинотеатрларда майрамдык иш-чаралар өтөт
Бишкекте 1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата
бир катар майрамдык иш-чаралар пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда
мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Белгилүү болгондой, кинотеатрларда балдар майрамдары каралган, ага катышуу акысыз. "Ала-Тоо" кинотеатры саат 12:00дөн 12:40ка чейин кызыктуу шоу-сынак тартуулайт, кичинекей жеңүүчүлөргө сыйлыктар каралган.
Ошондой эле "Космопарк" борбору "ABC" балдар соода дүкөнү менен биргеликте саат 12:00дөн 17:00гө дейре белгилүү мультфильмдик каармандар менен чогуу сынактарды, ыр-бий уюштурат.
Мындан тышкары ошол эле күнү Түштүк дарбаза аймагында "ARDOR" оттор театры фейерверктердин 1 сааттык майрамын тартуулайт. Андан соң асманга кытай фонарлары учурулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.