Бишкекте туруктуу жашоочу турак жайлары жок адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү иш-чаралары өтөт
Бишкекте эртең, 28-майда шаардык мэрия коомдук уюмдар менен биргеликте туруктуу жашоочу турак жайлары жок адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү иш-чарасын өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон адамдарга медициналык кароолор, мончо, чачтарач кызматтарынын тейлөөсү уюштурулуп, кийим-кечек, юридикалык кеңештер, ысык тамак берилмекчи. Иш-чарага Кыргызстан жана Бишкектеги орус чиркөөсүнүн епархиясы, “Жашоо фонтаны” коомдук кайрымдуулук фонду, “Кыргызстандын жаш юристтери”, “Эл агартуу”, “Ыйык рух”, “Укуктук жардам” коомдук уюмдары да катышмакчы. Иш-чара “Коломто” муниципалдык мекемесинде өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.