Борбордун жашоочусу "таанышына бычак сайган" деген шек менен камакка алынды
Борбордун жашоочусу "таанышына бычак сайган" деген шек менен камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, Бишкектеги № 4-оорукананын жандандыруу бөлүмүнө бычактан алган жаракаттары бар жаран алынып келинген. Бул факт боюнча Аламүдүн райондук ИИБинин кызматкерлери иш алып барышып, кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Ч.Н. аттуу борбор калаанын жашоочусу кармалган.
Иликтөөлөрдө аталган жаран спирт ичимдиктерин ичип отуруп уруша кеткен соң, жогоруда айтылган таанышына бычак сайганы ачыкталды. Бул окуя боюнча “ден соолукка атайылап залал келтирүү” беренеси менен иш козголгону белгилүү болду. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.