super.kg logo

Адвокат: “Журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча тергөө амалдарын кайра жүргүзүш керек”

 

“Журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча жаңы жагдайлардын пайда болгонуна байланыштуу тергөө амалдарын кайра жүргүзүш керек”,- деп айтты бүгүн, 27-майда маалымат жыйынында УКМКнын кызматкери Курманбек Баямановдун жактоочусу Кайрат Загибаев.

Анын айтымында, 2014-жылдын апрель айында КРнын УКМКнын эки кызматкери Арслан Төлөпбергенов жана Курманбек Баяманов "Геннадий Павлюктун өлүмүнө катышкан" делинип кармалган. “Аларды буга чейин кармалган Ш.Орозалин сүрөттөр аркылуу тааныган имиш. Айта кетсек, бул адам психикалык жактан оорукчан экенин биздин психиатрлар далилдеген”,- деди адвокат.

“Г.Павлюк өлтүрүлгөн убакта менин кардарым К.Баяманов Кыргызстандын аймагынан чыккан эмес болчу. Анын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү муну далилдей алат. Учурда ал жана Төлөпбергенов СИЗОдо отурушат. Эртең КРнын Жогорку Сотунда К.Баямановго коргоо чараны өзгөртүү боюнча соттук отурум өтөт”,- деди адвокат.

Эскерте кетсек, 2009-жылдын 16-декабрында кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк киши колдуу болуп, оор абалда Алматыдагы ооруканага түшкөн. Журналист бир апта ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, эсине келе албай жарык дүйнө менен кош айтышкан. Бул иш боюнча 2011-жылдын 10-октябрында Алматы райондор аралык соту тарабынан Павлюктун өлүмү боюнча КРнын УКМКнын мурдагы кызматкери Алдаяр Исманкулов, Казакстандын жараны Алмаз Игиликов жана Шалкар Орозалин сот жообуна тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: