super.kg logo

Мамлекеттик айыптоочу сот отурумунда Шахида Аманбаевага 13 жыл сурады

 

Бүгүн, 27-майда Чүй облустук сотунда 3,5 жылдан бир чечим чыкпай жаткан адам өлтүрүү фактысы боюнча сот отуруму болду. Анда жарыш сөздөр айтылды.   

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев, 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева кармалган. Мына ошондон бери айыпталуучулар абакта соттун өкүмүн күтүп келишет. Буга чейин 2013-жылдын 12-декабрында Токмок шаардык соту жогоруда аты аталган айыпталуучуларды актаган. Бирок ал чечимге макул болбогон жабырлануучунун атасы доо арыз менен кайрылган. 2014-жылдын 20-май күнү Чүй облустук соту апелляциялык арызды карап, мамлекеттик айыптоочунун сунушу менен сот отуруму 27-майга жылган болчу.  

Бүгүнкү сот отурумунун жүрүшүнөн:

Б.Догдурбеков, мамлекеттик айыптоочу:

- Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталып жаткан Урмат Аскеев, Алишер Жумашев, Шахида Аманбаеванын күнөөсү толугу менен далилденген. Тартылып алынган видеодо Аманбаева окуя кандайча болгонун көрсөтүп берип жатат. Биринчи инстанциядагы соттун чечими мыйзамсыз чыккан. Урматтуу судьялар, 2013-жылдын 12-декабрында чыккан өкүмдү жокко чыгарып берсеңиздер. “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча күнөөлөнүп жаткан Урмат Аскеев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга, ал эми “адам өлтүрүүгө катыштыгы бар” деп күнөөлөнүп жатышкан Алишер Жумашев менен Шахида Аманбаева үй-мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылсын.

Сыдык Жумабаев, каза болгон Рабига Жумабаеванын атасы:

- Мамлекеттик айыптоочуну колдойм. Өткөн сот процесстеринде Шахидага бир канча суроо берейин дегем. Бирок ал жооп бере албады. Мен кызымды өлтүргөн адамды көргүм келет. (Ред. айыпталуучуларга карап) силер ачык айтпай, жашырып жатасыңар. Ким өлтүргөнүн айтып койгула, жаштык кылып жатасыңар. Урматтуу судьялар, жакшылап карап, бир чечим чыгарып бергиле. Менин кызым да көрүндө тынч жатсын. Кан коё бербейт.

Фемида Жумабаева, каза болгон Рабига Жумабаеванын эжеси:

- Рабига менен Урмат үйлөнөбүз деп жатышкан. Ал мага Шахида деген кыз менен жаман болуп жүргөнүн айткан. Менин Урмат Аскеевде доом жок. Шахида Аманбаева менен Алишер Жумашевди шектүү деп жатам. Болгону туура, адилет өкүм чыгарып берсеңиздер.

Асыл Тагаева, айыпталып жатышкан Алишер Жумашев менен Урмат Аскеевдин жактоочусу:

- Тергөө учурунда көп кемчиликтер кеткен. Суралган 32 күбөнүн бири да окуяны көргөн эмес. Урматтуу судьялар, адилет өкүм чыгарып бересиздер деген ишеничтебиз.

Күмүшбек Ыбыкеев, айыпталып жаткан Шахида Аманбаеванын жактоочусу:

- Айыпталуучулар каза болгон Рабига Жумабаевага душман эмес болушчу. Урмат Аскеев үйлөнөм деп жүргөн жигити, Алишер Жумашев коңшусу, Шахида Аманбаева дос кызы болгон. Бул жерде эч кандай кылмыштын мотиви жок. Алардын күнөөсү тергөө тарабынан такталган эмес. Күбөлөрдүн баары “шекшийбиз” дешкен. Жумабаеваны ким өлтүргөнүн эч ким көргөн эмес. “Шекшиймин” деген сөз далил болуп бере албайт. Тергөө начар, сапатсыз тергелген. Тергөөчү Өмүралиевге тийиштүү баа берилет деп ишенем. Биз биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырсын деп жатабыз.

Алишер Жумашев, айыпталуучу:

- Жактоочумду колдойм. Туура чечим чыгарып берсеңиздер.

Шахида Аманбаева, айыпталуучу:    

- Мен да жактоочуну колдойм.

Жарыш сөздөр айтылган соң, соттук коллегия акыркы чечим чыгаруу күнүн 29-майга белгилешти.






Мамлекеттик айыптоочу соттон Шахида Аманбаевага 13 жыл сурады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(24)
27.05.2014. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шахида Аманбаевага ким жооп берет экен ден соолугуна. Басалбай суйлой да албай калыптыр.
28.05.2014. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalguzum, акчаны алышып алчулардан анан булбайкушту камашат ансыз да оорукчан болуп калыптыр
27.05.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаратканым сактасын. Бирок чынында бироодун чырактай кызын ким олтургонун ачыкка чыгарышы керек да. Учоонун бироосу эле олтурду да.
27.05.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aipri, Шахида олтургон убакта деле ал жооп берди ашыгы м.н. Турмого камалып чыккандар бир татына жашоосун улантышат. А Шахида болсо оорукчан болуп калды. Омур бою бироонун кароосунда болот кол карап. Андан откон азап барбы?
Медиа-портал
27.05.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тим эле койгулачы байкуш кызды.. Ансыз деле жаш кыздын омуру сынды, майып болду, элден болунду. Келечеги деле тунгуюк... Уй було деле кура албаса керек.. Мындан башка кандай жаза болушу мумкун?!
27.05.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шахиданын кылмышка катышы толугу менен далилденсе сот адилеттуу чечим чыгарат деген ойдомун. Бирок Шахиданы ушундай абалга жеткирген милиция кызматкерлери да жоопко тартылышы керек. Тиешелуу жазаны отоого Шахиданын ден-соолугун тикелеш керек.
27.05.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ойлойм Шахида куноолу болгону далилденсе уй камагына чыгарыш керек деп. Аны камап эч ким жыргап кетпейт. Адамдык сапатты бийик коюшса жакшы болмок.
27.05.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уважаемая редакция, прошу вас поподробнее написать мотив преступления ( если вам известно ). За что Рабигу убили? И что не поделили?
27.05.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biinura, оюнузга толук кошулам!
28.05.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biinura, Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз!
Медиа-портал
27.05.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Берки олтургон 2 бала эмне болду экен? Аларга канча бериптир. Деги, кандай окуя экен?
27.05.2014. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчи кезекте ошол милицияларды жоопко тартыш керек. Батукаевке окшогондорду оздору качырып жиберишет да, аркасынан издемиш болушат. Алар канчалаган омурду кыйышкан.
28.05.2014. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин сот милиция врачтарга такыр ишеним жок.Кудай сактасын деп эле отурам....тируунун олугуно айлантат булар
28.05.2014. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shiko, Булардын баарына акча берсен артындан чуркап,козунду карайт.Акча бербесен суйлогусу да келбейт,козунун кыры менен карап отот.
Медиа-портал
28.05.2014. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин милиция абдан бузулган.
Медиа-портал
28.05.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урмат дегенине 16 жыл а Шахида менен Адилет дегенге адам олтургонго катыштыгы бар деп 13 жылдан беришиптир
Медиа-портал
28.05.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчасы жок экенда болгондо бул кыз алардын арасыда жок эле деп актап чыгарат эле
Медиа-портал
28.05.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акчасы коп болсо 3 жыл мурун эле жаап салмак бул ишти, укук коргоо органдары ичин сылап , чонтогундогу акчасын санагандан башка эч нерсе кыла алышпайт.Байкуш кыздын тагдыры эмне болот эми.Убалы куноону мойнуна алдырган кишилерге тийсин.
Медиа-портал
28.05.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул окуяны кененирек маалымат берсездер сураныч. И ушул шахида деген кыз туралуу да
Медиа-портал
28.05.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Катышы болсо болгондур, аны бир кудай жана Шахида и тиги эки бала гана билет. Эмне болсо дагы, кудай баарын коруп турса керек. Эгер чындап эле кыйнап мойнуна алдырса, ошолор тартат бул жаш кыздын убалын. Жизнь - бумеранг: Всё и всем по заслугам.
Медиа-портал
28.05.2014. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер ошол кызда куноо жок болсо, албетте кудай бар ошол соттогондорго жаш кыздын убалы тиет
Медиа-портал
28.05.2014. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шахиданын озун корсоткуло, сураныч!((( Ал байкуштун аран эле жаны калбады беле!? Оо, таш боор заман, айй!!!
Медиа-портал
28.05.2014. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш кыздын соттой турган деле эчтемеси калбаптыр, кое берип эле койушса болмок, олтургонго катыштыгы бар болгон кундо деле жазасын жакшы эле тартыптыр го.
Медиа-портал
30.05.2014. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ощол айыптоочуга бир суроо бергим келет,ошо кыздын ордуна бир чон чиновник болсо ошончо сурайт белен же акчасын чонтогуно томпойто салып бошотуп жиберет белен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: