super.kg logo

“Жаңы Кыргызстан” долбоорунун алкагында 5 студент Кытайда бекер билим ала алат

 
Аталган Коомдук бирикменин негиздөөчүсү, Кытайда окуган Кубанов Нурсултан менен бирикменин Кыргызстандагы өкүлү Насиров Уланбек.

Кытай Эл Республикасынын Гуйлин технологиялык университети менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгон “Патриот-kg” коомдук бирикмеси үстүбүздөгү жылдын 25-майынан баштап Кыргызстандын жаштарын  толугу менен беш бюджеттик орун менен камсыздайт. “Жаңы Кыргызстан” долбоорунун алкагында түзүлгөн мүмкүнчүлүк тууралуу кечээ, 27-майда коомдук бирикменин президенти Нурсултан Кубанов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, сынактан өткөн студенттер жыл бою акысыз окуу жана акысыз жатакана менен камсыз боло алышат. Эгерде жарым жылдын ичинде студент окуу жаатында артыкчылык көрсөтсө, ай сайын окуу жай тарабынан стипендия алат.

“Сынак тиешелүү иш кагаздарын тапшыруу, тиешелүү темага дил баян жазуу, маектешүү сыяктуу 3 баскычтан турат. Бюджеттик орундарга ээ болгон улан-кыздарыбыз окуусун 2014-жылдын сентябрь айынан башташат. Конкурска кытай тилин билген жана Кытай тууралуу түшүнүгү бар 17 жаштан 25 жашка чейинки жаштар катыша алышат”,- дейт ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: