Англияда сырды кууп жетүү боюнча мелдеш болуп өттү (фотолор)






















Англиянын Глостершир аймагында тыюу салынганына карабай өзгөчө мелдеш болуп өттү. Тагыраак айтканда, тоодон ылдый бир канча килограммдык сырды тоголотуп, аны кууп жетип кармоо боюнча эркектер жана айымдар арасында мелдеш болду. Жыйынтыгында эркектер арасында эч жерде иштебеген 19 жаштагы Жош Шеперд, ал эми кыздар арасында 17 жаштагы Люси Таунсенд жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Оюндун шарты боюнча, калыс тоодон ылдый 32 килограммдык сырды тоголотот. Анын артынан катышуучулар кууп жетип, биринчилерден болуп кармашы керек. Жеңүүчү ошол сырга жана баалуу белектерге ээ болот. Бул жылы оюнга 5 миңден ашык адам күбө болгон. 21 оюнчу колунан, бутунан, башынан ар кандай жаракаттарды алышкан.
Белгилей кетсек, бул оюн Глостерширде 19-кылымдан бери ойнотулуп келет. Бирок 2009-жылы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган оюнду мыйзамсыз деп табышкан. Оюндун күйөрмандары ага да карабай жыл сайын бул мелдешти өткөрүп келишет. 2013-жылы полиция кызматкерлери оюнчуларга 25 жылдан бери сыр жасап берип келе жаткан Диана Смарт аттуу айымдан мындан ары аларга сыр жасабоону талап кылышкан. Ошондон кийин оюнчулар жасалма сырды колдонуп келишет.
Сыр тоголотуу боюнча мелдеш болуптур Англияда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
aza.kg007

Медиа-портал
27.05.2014. 21:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шумдугун кургурлар телефон ыргыту дегени болчу эле эми бунусуда бар бекен
turgunbek

Медиа-портал
28.05.2014. 01:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
обу жок орсок уй саайт дейт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.