super.kg logo
  Саясат  

Баткендин Чарбак айылынын эли менен ЖКнын депутаттары жолугушту

 

Бүгүн Баткен облусуна Сох анклавына жакын жайгашкан Чарбак айылынын тургундары менен жеринде жолугушуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Бөдөш Мамырова, Назира Нарматова, Эгемберди Эрматов, Төрөбай Зулпукаров жана Улукбек Кочкоровдор келишти. ЖКнын депутаттарын адегенде Баткен шаарында эл менен жолугушуп, 5-январдагы болгон  чек арадагы чыр чатакка байланыштуу маселелердин айланасында сүйлөшүштү. Боз-Адыр айылынын тургуну Сабыр Бадалов депутаттарга кайрылып, чек аралардагы мындай жаңжалдын алдын-алып, мамлекеттик деңгээлде чара көрбөсөңөр абал оор, ошол жаңжал болгон аймактарда өзбек жарандары ушундай кырдаалдан пайдаланып, өрүк  бактарын кыйып жатат десе, Баткен шаарынын тургуну Махаматали ажы сохто жашаган өзбек жарандарын бир чек ара тозотунан өткөрүү  керектигин айтты. Сөз алган Баткен районунун тургундарынын көпчүлүгү  шарты катаал чек ара айылдарына мамлекет тарабынан атайын статус берилиши керек, болбосо бул жарандар башка жакка көчүп  кете башташат деген ойлорун айтышты. 

Сөз алган КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков Сох анклавындагы чек ара айылдарынын коопсуздугун сактоо жана алардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө деди. Өкүлдүн  маалыматына таянсак, Өзбекстан тарап кетирилген чыгымдарды төлөп  берет, бүгүндөн баштап анклавда калган Бөжөй айылына жол куруу иши башталды. Ал эми Чарбак айылынын тургундарына азык оокаттардан жардам көрсөтүлдү. Бүгүн  электр жарыгысыз калган 21 үйгө  электр чубалгылары киргизилет.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: