Борбор калаада Балдарды коргоо күнүнө карата жетим балдарга оюн-зоок программасы уюштурулат
Бишкекте 30-май күнү саат 10:00дөн 16:30га чейин Балдарды коргоо күнүнө карата 160ка жакын жетим балага арналган оюн-зоок программасы уюштурулат. Бул тууралуу “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган күнү 50гө жакын автоунаа менен жетим балдар жана муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарды "Асанбай" сейил багы тарапка жүрүш жасашат. Ошондой эле балдарга сейил бакта оюн-зоок тартууланып, түшкү майрамдык тамак берилип, 16:30да «Манас» кинотеатрында мультфильм көрсөтүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:43
2025-09-16

20:48
2025-09-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.