1-июнда “Мээримиңдин бир бөлүгүн балдарга белекке бер” аттуу концерт болот
1-июнда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" аянтында “Мээримиңдин бир бөлүгүн балдарга белекке бер” аттуу концерт болот. Иш-чаранын алкагында турмушу бөксө жана аз камсыздалган үй-бүлөдөгү балдарга жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда уюштуруучулар кабарлашты.
Күндүзгү программада театралдык көрсөтүүлөр, балдарга арналган шоулор, самын көбүртүү шоусу, аквагримм, бийлер, ар кандай оюндар ойнотулуп, белектер тартууланат. Ал эми иш-чаранын кечки программасында паркур, бит-бокс өнөрлөрү көрсөтүлүп, кыргыз эстрада жылдыздары концерт беришет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















