Жалал-Абад шаарынын мэри арабиялык жеке ишкер менен оорукананын курулушуна жер берүүнү сүйлөшүштү
Кечээ, 27-майда Арабиядан келген жеке ишкер Зиалин Ниазини Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаевдин кабыл алуусунда болду. 20 жылдан бери Жалал-Абад шаарындагы "Нур" ААКы менен бирге иш алып келе жаткан ишкер Жалал-Абадга чоң инвестиция тартуу ниетте экенин билдирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 28-майда билдирди.
Анын айтымында, эгерде жер маселеси чечилсе, 2 кабаттуу оорукана салынат. Мындай сунушту калаа башчысы колдоп, жер тилкесин көрсөтүү пландаштырыларын айтты. "Эгер долбоор иш жүзүнө ашып калса, шаар тургундарынын дагы бир көйгөйү чечилет",- деди Муктар Арапбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















