super.kg logo

Беловодск айылындагы №6-түзөтүү колониясында катардагы аскер өзүн өзү атып каза болду

 

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы №6-түзөтүү колониясында күзөттө турган катардагы аскер өзүн-өзү атып каза болду. Мындай билдирүүнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары Эсенбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, 10-январь күнү саат 16:12де катардагы аскер өзүн өзү аткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Белгилүү болгондой, №4-күзөттө турган катардагы жоокер Сапар уулу Темирлан өзүн өзү Калашников автоматы менен көкүрөк тушка атып алган. Окуя болгондон 7 мүнөттөн кийин райондук ооруканага жеткирилип, жоокер реанимация бөлүмүндө каза болду.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын буйругу менен окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Аскер прокуратурасынын дарыгери тарабынан колониянын күзөтүндөгү башка бардык кызмат өтөөчүлөрдүн денесин текшерүү болуп, 58 кишинин эч биринин денесинде көгөргөн, ур-токмоктон калган издер чыккан жок. Сапар уулу Темирлан 2012-жылдын күзүндө кызмат өтөөгө келген. Учурда бул иш боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.01.2013. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozun ozu atinip oldu degenge iwenuu kuraldi da koldono ala turgan adamga beret da
13.01.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш баланын жаткан жери жайлуу болсун. Ушундай окуяларды уксан жанын сыздайт. "дедовщина" биздин Кыргыз армиясында турган иш. Деги бул ишти бары бир жаап салат, кыргызымда жакшы соз бар "карга карганын козун чукубайт" деген, муну менен баарына тушунуктуу болуш керек. Кудайыма шугур, ыразымын, беш эркек балам бар. Эртен эле алар армияга чакырылат, бирок мен корком. Ким мага кепилдик берет, кыргыз армиясыбы, мен ага ишенбей. Откон жылы канча деген кыргыз жаш жоокерлери олду, баарына бир чечим ч
13.01.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына бир чечим чыгарылды озу озун олтур деген. Же армияга озун жанын кыйычулар барабы? Эгер "неуравновещаныйлар" барса, мед.камиссиялар каякты жана кайсыл жерди карашат? Чиновниктердин , колунда барлардын балдары кайсыл армияга барат болду экен? Деги эмне дешти билбейм.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: